жаңылык

«КСБ КБ» мобилдик тиркемеси – сиздин ишенимдүү каржы жардамчыңыз!

18.12.2023

«КСБ коммерциялык банкы» ЖАК («KSB Commercial Bank») KSB Online мобилдик тиркемесин оптимизациялоо боюнча техникалык иштерди аяктады жана өзүнүн кардарларына төмөнкү жаңылыктардан пайдаланууну сунуштайт:

  • өзүңдүн эсептериңдин ортосунда валюталарды түздөн-түз конвертациялоо (карталык, эсептик, депозиттик);
  • телефон номер боюнча банк ичиндеги которуулар;
  • картаны аралыктан тосмолоо функциясы.

Жакынкы күндөрү «KSB Online» мобилдик тиркемеси белгилүү бир мезгилге онлайн-көчүрмөлөр, sms-билдирүүлөрдү башкаруу сыяктуу ыңгайлуу жаңылыктарменен толукталат, ошондой эле картанын пин-кодун алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жана интернет-төлөмдөргө жеткиликтүүлүктү тез кошуу жана чыгаруу функциясы пайда болот.

Жаңыртууну Android жана iOS базасында иштеген смартфондорго жүктөп алууга болот. Ал үчүн Play Marketтенже App Storeдон «KSB Online» мобилдик тиркемесин таап, аны акыркы версиясына чейин жаңылоо керек.

Мобилдик тиркеменин жаңыртылган версиясын пайдаланыңыз жана анын артыкчылыктарын баалаңыз!

Бардык суроолор боюнча " КСБ коммерциялык банкы» ЖАКтын байланыш борборуна кайрылыңыз: + 996 (312) 54 34 24 (шаардык), +996 (705) 54 34 24 (О!), +996 (755) 54 34 24 (Megа), +996 (222) 54 34 24 (Beeline) же bank@ksbc.kg почтасына, www.ksbc.kg сайтындагы чатка, Telegram - @ksbcbot_botко, +996 (222) 543424 номери боюнча WhatsAppка жазыңыз.