жаңылык

Көңүл бургула! 3-D Secure: техникалык иштер

17.11.2023

Урматтуу кардарлар! "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК тарабынан өткөрүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу VISA төлөм карталарына Интернеттен сатып алуу үчүн (3-D Secure технологиясы) бир жолу пайдалануучу тастыктоочу жашыруун белгилерди берүүчү кызмат көрсөтүүсүнүн туруксуз иштеп жатканы байкалууда. "Банктар аралык процессинг борборундагы" биздин өнөктөштөр тейлөөнүн толук кандуу иштешин ыкчам камсыз кылуу үчүн бардык күч аракетин жумшоодо.

"Кыргыз-Швейцариялык Банкындагы" тейлөөнүн бардык суроолору боюнча сайттагы чатка же bank@ksbc.kg ге, ошондой эле төмөнкү телефон аркылуу байланыш-борборго чалууга болот: +996 (312) 54 34 24 (шаардык номер), +996 (755) 54 34 24 (Мега), +996 (222) 54 34 24 (Билайн).

Маалымдама: 3 DS технологиясынын принциби кардардын мобилдик телефон номерине смс түрүндө же электрондук почтасына билдирүү аркылуу жөнөтүлчү бир жолку пайдалануучу уникалдуу жашыруун белги менен ар бир интернет төлөмдү тастыктоо болуп саналат.